• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир күн ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунун Кайберен көчөсүндө аянты 60 чарчы метр ашкана толугу менен күйгөн.

Бишкек шаарынын Москва менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Мазда Демио" үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгү күйгөн.

Ала-Бука районунун (Жалал-Абад облусу) Кызыл-Ата айылынын Сарыбаев көчөсүндө сарайдын 96 чарчы метр чатыры күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий