• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каракол шаарында Токтогул жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Талас облусунун Манас районундагы Жийде айылынын Жумак Ата көчөсүндө турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Винсовхоз айылында аянты 20 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин 2-жатаканасынын 401-бөлмөсүндө төшөнчүлөр күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий