• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун (Ысык-Көл облусу) Семенов айылынын Бургиев көчөсүндө турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын Самүдүн көчөсүндө турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: газ баллон жарылган.

Кара-Суу районунун (Ош облусу) Мөнөк айылынын Абды-Ата көчөсүндө турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 200 кг көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий