• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Жеңиш көчөсүндө турак үйдүн ашкана бөлмөсүндө тамак жылытуучу меш жана ашкана эмереги күйгөн.

Көлмө конушунун Максат көчөсүндө турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 10 чарчы метр шыбы, төшөнчүлөр жана үй эмеректери күйгөн.

Сүлүктү шаарынын (Баткен облусу) Бөкөнбаев көчөсүндө турак үйдө газ баллон күйгөн.

Чүй районунун (Чүй облусу) Садовый айылынын Биринчи Май көчөсүндө турак үйдүн уктоочу бөлмөсүнүн 16 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери жана үй буюмдары күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий