• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кара-Балта шаарында айнек заводунун 800 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылынын Абдыкеримов көчөсүндө сарайдын 117 чарчы метр чатыры, аны менен катар 360 түк чөп, 1 тонна саман күйгөн. Андан тышкары өрт жанаша турган турак үйгө өтүп, анын 162 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий