• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир күн ичинде өлкө аймагында 25 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек-Нарын-Торугарт" жолунун 59-чакырымында "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунда, Кадамжай шаарынын Ленин көчөсүндө иштетилбеген жеке имараттын 391 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий