• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир күн ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Кара-Суу районундагы (Ош облусу) Нариман айылынын Орозбаев көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдүн 5 бөлмөсү (аянты 180 чарчы метр) жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Араван районундагы (Ош облусу) Көк-Желет айылынын Ош-3000 көчөсүндө аянты 198 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий