• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана турак үйдүн терезеси күйгөн.

Ак-Суу районунун (Ысык-Көл облусу) Качыбек айылында сарайдын 128 чарчы метр чатыры жана 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Суу районунун (Ош облусу) Каарман айылынын Бекмурза көчөсүндө сарайдын 65 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий