• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Тимур Фрунзе көчөсүндө турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Кара-Суу районунун (Ош облусу) Медресе айылында аянты 77 чарчы метр намазкана күйгөн.

Нарын шаарында Шуллер көчөсүндө "Чойбек-Ата" дүкөнүнүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ак-Талаа районунун (Нарын облусу) Баетов айылынын Султаналиев көчөсүндө "Ауди-100" унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Кара-Көл шаарынын Исанов көчөсүндө турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий