• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир күн ичинде медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учурлар катталган жок – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, коронавирустан 2 медицина кызматкери айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 248 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 194ү айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус жуктурган 29 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1111ди түзөт. Алардын ичинен 745 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий