• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күндө 11 кырсык катталды. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жаан жааган учурда эрежелерди так сактоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 3-сентябрында жаап өткөн катуу жаандын кесепетинен Бишкек шаарынын аймагында 11 жол кырсыгы катталгандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдайт.

Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "6- сентябрдан 8- сентябрга чейинки аралыкта катуу жаан жаайт",- деген билдирүүсүн эске алып, төмөнкгү эрежелерди так сактоого чакырат.

Алар:

1. Жаан жаап баштагандан тартып алгачкы бир саат аралыгында жолдо жүрүүдө өтө сак болуңуз. Анткени мурдагы жаанга чейинки кургак аба ырайында жолдун үстүңкү катмарында капталган чаң менен асфальт төшөлгүдөн чыккан кара май жамгыр жааган учурда кайрадан ээрип, жолдун бетин ого бетер сыйдан кылат.

2. Мурда жүрбөгөн жолдордо же суу каптаган көлчүктөрдөн жүрбөй эле коюңуз, анткени нөшөрлөп жааган жаан жер астындагы өткөн суу түтүктөрүнүн үстүндөгү капкакты жаап, суу астында чуңкурлар болуп, сиздин унааңыздын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

3. Катуу ылдамдыктын кереги жок. Орточо ылдамдык саатына 40-50 чакырымды түзсө жетиштүү. Эгерде унааны токтотуу зарылчылыгы келип чыкса, анда тормоздук баскычты эртерээк жана жайлатып басыңыз.

4. Алдыда сизге каршы багытта келе жаткан айдоочуга жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларына сиздин келе жаткандыгыңыз көрүнүктүү болушу үчүн, унаанын туманга каршы жарыгыңызды сөзсүз күйгүзүп алыңыз.

5. Эгерде сиздин айдоочулук тажрыйбаңыз жетишээрлик деңгээлде болбосо же өзүңүзгө ишенбөөчүлүк пайда болсо, сиздин астыңыздагы бир багытта бара жаткан унааны ээрчип, артынан айдаганыңыз оң. Бул дагы жол кырсыгынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө түзөт.

"Андыктан урматтуу айдоочулар, жогорудагы эрежелерди так сактоо менен шаарда жүрүүдө же сапарга чыгууда нөшөрлөп жамгыр жаап же өткүн өткөн учурда мүмкүнчүлүк болсо унааны жол жээгине токтотуп, жаандын басылышын күтүп турууга чакырабыз. Бул да болсо жол транспорт кырсыктарынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий