Бир күндө "112" номерине коронавируска байланыштуу 85 чалуу түштү — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 825 чалуу болсо, анын ичинен 85 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

2020-жылдын 18-август күнү өлкө боюнча 61 400 погондук метр унаа жолдор, 28 миң чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. ӨКМ тарабынан жалпы 1 миң 502 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик тарабынан 200 кызматкер жана 17 унаа тартылган.

.

Пикир

Оставить комментарий