• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күндө 19 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кечээ, 9-майда ар кандай себептерден улам жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2128 айдоочу административдик айыпка жыгылган. Бул тууралуу КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, автоунааны мас абалында башкарган 19 айдоочу кармалган.

Андан тышкары:

-Унааны жогорку ылдамдыкта башкаруу – 369;

- Жол белгилерин сактабоо боюнча – 143 протокол түзүлгөн;

-Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 4;

-Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 25;

-Башкаруу маалында уюлдук телефон менен сүйлөшүү- 382;

-ИИБ кызматкерлери баш ийбөө боюнча – 5;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 65 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий