• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, күн мурун, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив эмделди.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөөлөр ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий