• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бир күндөн кийин тою болмок: Ошто милиционердин сөөгү табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Ош шаарында кечээ укук коргоо органдарынын кызматкеринин сөөгү табылган. Бул тууралуу аймактык ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде болжол менен саат 24:00дө А.Масалиев проспектисинде милициянын старшинасы Т.З., жансыз сөөгү табылган.

Анын денесинин көкүрөк жагына ок тийгендиги аныкталган. Табелдик тапанча жанынан табылган, ал эми маркум отурган унаа жабык болгон.

Бир күндөн кийин анын тою болмок.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий