• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир көрсөм арманым жок эле дегендер үчүн дүйнөдөгү ажайып кооз жерлер (тизме+сүрөт)

Дүр дүйнө 0

Бул ажайып кооз жерлерди ар бир адам көрүүсү керек. Жок дегенде бирөөсүн.

Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин тизмесине көңүл бурабыз.

Кытай, түстүү Чжанъе Данксиа аскалары

Кайталангыс Чжанъе Данксиа аскалары Кытайдын Ганьсу провинциясында жайгашкан. Аскалар ар түстүу боекторго боелгон. Бул түстүү аскалар Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.

Эквадор, “Акыр заман” (Конец света) селкинчек

Бул экстремалдуу аттракцион Баньос шаарынын Эквадор тоолорунда жайгашкан. Жардын үстүндө жайгашкан уникалдуу селкинчек деңиз деңгээлинен 2660 метр бийиктикте жайгашып, аны тепкенде айланасындагы кооздуктардын бардыгы көрүнөт.

Белиз, чоң көк тешик (Борбор Америка)

Жер жүзүндөгү дагы бир таң калтыруучу жер – бул Юкатан жарым аралына жакын, Лайтхаус-Рифтин борборунда жайгашкан – Чоң көк тешик. Бул тешик француз изилдөөчүсү Жак-Иву Кустонун жардамы менен бүтүндөй дүйнөгө атагы чыккан. Ал диаметри 305 м жана 120 м тереңдиктеги куйгуч сыяктуу. Учурда дүйнөдөгү дайвинг үчүн мыкты жайлардын бири.

Нидерланды, жоогазын талаасы

Нидерланддагы жоогазындын чыныгы мезгили апрель айынын экинчи жарымында башталып, болжол менен майдын 10на чейин созулат. Жоогазын гүлдөгөн мезгилде сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн болбогон ажайын кооздук пайда болот. Кыскасы, миң уккандан бир көргөн жакшы.

Япония, Улуттук Хитачи эс алуу жайы

Хитачи эс алуу жайы япониянын Хитатинак шаарында жайгашкан. Парк 1991-жылы мурдагы америка аскер базасынын ордуна түптөлгөн. Учурда анын жалпы аянты 120 га түзөт.

Паркта мезгил-мезгили менен ар түрдүү гүлдөр гүл ачып турат – жоогазын, лилия, сакура ж.б.

Аляска (АКШ) Жунодогу мөңгү астындагы муз үңкүрү

Үңкүр Аляскадагы Жуно шаарына жакын жерде жайгашкан. Үңкүрдүн өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Сырткы келбетин жыл сайын өзгөртүп турат, үңкүрдөгү муздар ээрип, жаңы булактар пайда болот.

Рорайма тоосу, (Венесуэла, Гайан жана Бразилиянын кошулуусу)

Уникалдуу Рорайма тоосу Түштүк Американын түндүгүндө жайгашып, Бразилия, Венесуэла жана Ганан кошулган жерден орун алган.

Тоонун эң жогорку жери – деңиз деңгээлинен 2713 м жайгашкан. Бул жер ыйык деп эсептелинет, ал эми, жергиликтүү индеецтер аны жердин киндиги деп аташат.

Тоонун чокусуна чыгып, болуп көрбөгөндөй кооздукка күбө болууга мүмкүн.

Түркия, Каппадокия

Каппадокия Түркиядагы туристтик борборлордун бири болуп саналат. Каппадакиянын тарыхы биздин заманга чейинки 5чи миң жылдыкта башталат.

Мальдива, Ваадху аралындагы деңиз жылдыздар

Кечинде Ваадху аралындагы кооздукту сөз менен жеткире албайсың. Sea of Stars деңизинде кадимки эле асмандагы жылдыздар чагылып, көрүнүп тургандай түр калтырат. Кыскасы бул жер абдан кооз.

Зимбабе менен Замби кошулган жердеги Виктория шаркыратмасы

Виктория шаркыратмасы – узундугу 100 метрден жана туурасы бир чакырымдан ашкан дүйнөдөгү жалгыз шаркыратма.

Шаркыратма Түштүк Африканын ажайып кооз жерлеринин бири, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Норвегия, Троллдун тили

Троллдун тили – Норвегиядагы Одда шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул жер туристтер көп келе турган жайлардын бири, чокуга чыгыш үчүн кеминде 5 саат кетет.

Украина, Сүйүү тоннели

Дарактардын жана бутактардын жардамы менен туннелге айланган жер сүйүшкөндөрдүн сүйүктүү жерине айланган. Ровненс облусунун Клевань айылында жайгашкан.

Бразилия, сыйкырдалган кудук

Баиядагы Шапад-Диамантина Улуттук паркындагы үңкүрдө чындыгында эле абдан кооз Enchanted Well кудугу бар. Анын тереңдиги 36 метрге чейин жетет, эң астында таштарды көрүүгө болот. Кудуктун кандайдыр бир бөлүгүнө күндүн нуру тийгенде суу көз жоосун алган көк түскө боёлуп калат.

Туристтердин айтуусу боюнча, ажайып кооз кубулушту июнь же июль айларында күндүзү болжол менен саат 11ден 12:00 чамасында көрүүгө болот.

Шотландия, Фингалов үңкүрү, Стафф аралы

Фингалов үңкүрү – жаратылыш жараткан эң бир кооз жерлердин бири. Бир жагынан караганда бул түзүлүштөр адамдын колунан жаралгандай, бирок чындыгында андай эмес.

Бул үңкүрдү – обон үңкүрү деп да атап коюшат.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий