• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бирөө капталына оодарылып калды. Бишкекте эки маршрутка кагышты

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекте жүргүнчү ташыган эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 22-апрелде болжол менен таңкы саат 08:00дө Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Кырсыктан эки жаран жаракат алгандыгы айтылууда.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, учурда жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий