• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир катар айылдар менен шаарларды таза суу менен камсыз кылуу боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде КР Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралып, анын концепциясы жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясына ылайык, 425 айылында көлөмү 8 млрд 882 млн сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо өлчөмү 4 млрд 48 млн сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.

Стратегия республикалык бюджеттин, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын (SЕСО), Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин жана дагы башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Долбоордун жалпы суммасы – 23 млн доллар, анын ичинен:

- Ислам өнүктүрүү банкы - 15 млн доллар;

- Шериктештиктин ислам фонду - 5 млн доллар;

- Өкмөттүн кошо каржылоосу - 3 млн доллар.

Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы 1,5 пайыздык коюм менен, 25 жылга, анын ичинде 7 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ал эми Шериктештиктин ислам фондунун насыясы 0,75 пайыздык коюм менен, 30 жылга, анын ичинде 10 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет.

Пикир

Оставить комментарий