• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир катар айылдардын жана айыл аймактарынын аталышы өзгөртүлдү

Президент 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын, Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылынын аталышын өзгөртүп, мыйзамдаштыруу жана аларга тарыхый аталыштарын кайтарып берүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий