• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир катар чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык талаптар жеңилдетилди

Коом 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза талаптарын жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызмтынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүү шарттарын жеңилдетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында виза берүү кызматтарын оптималдаштырууга багытталган пландуу иш-чаралардын алкагында КРнын өкмөтү 1-августта токтом кабыл алган.

Токтомго ылайык, жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Бул тизмеге Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, Бангладеш Элдик Республикасы, Египет Араб Республикасы, Индия Республикасы, Иордан Хашимит Королдугу, Ливан Республикасы, Марокко Королдугу, Непал Федеративдүү Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Тунис Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалдык Республикасы кирди. Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт Мамлекетинин, Катар Мамлекетинин, Бруней- Даруссалам Мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Кыргыз Республикасына келүү үчүн 1 айлык мөөнөткө чейинки кыска мөөнөттүү туристтик визалар Булуңундагы өлкөлөрдүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте таризделип берилет (чакырууну тариздөө зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).

Өкмөттүн токтому үстүбүздөгү жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий