• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир катар конституциялык мыйзамдардын кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 19-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – төмөндөгү бир катар мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келтирүү:

∙ 2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

∙ 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.

Кабыл алынган Мыйзамдын жоболору төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын мамлекеттик тилдеги текстине редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлүрдү киргизүү, тактап айтканда «аскердик абал» деген сөздөр «согуштук абал» деген сөздөргө алшаштырууну;

- “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясынын 2 жана 3 бөлүктөрүнө редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий