• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир катар кыргызстандыктар кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдире.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги жана активдүү кайрымдуулук иши үчүн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти Баюми Саид Мохамед Елсаид “Достук” ордени менен сыйланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту чыңдоого кошкон маанилүү салымы үчүн Түркия Республикасынын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Ардак грамота менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий