• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:

2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

— Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

— Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Пикир

Оставить комментарий