• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бир катар медкызматкерлер коронавирустан айыгып, кайрадан ишке киришти – башкы санитардык дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясынан айыгып чыккан бир катар медицина кызматкерлери кайрадан өзүлөрүнүн милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 116 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинде илдеттен айыгып, кайрадан ишке киришкен адистер бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 116сы медкызматкерлер. Ал эми 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, илдетти жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий