• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бир катар милиция кызматкерлери Өкмөттүн Ардак грамоталары менен сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бир катар кызматкерлери ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Айтбаев Аскат Абдыхалимович — Ысык-Көл областтык Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер иши боюнча инспекциясынын участкалык инспектору;

Айтимбетов Чынгыз Суранович — Ош областтык Ички иштер башкармалыгынын адам өлтүрүү боюнча кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн улук оперкызматкери;

Бекиров Жусубалы Советович — Бишкек шаарынын Свердлов райондук № 7-милиция бөлүмүнүн улук участкалык кызматкери;

Досатов Пахридин Абылкасымович — Баткен областтык Ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору;

Дүйшеналиев Нурлан Сарлыкович — Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынын адам өлтүрүү боюнча кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн улук оперкызматкери;

Музальдиев Кылычбек Тургунбекович — Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча бөлүмүнүн оперкызматкери;

Шеримбаев Муктарбек Жумадилович — Нарын областтык Ички иштер башкармалыгынын кезметчисинин жардамчысы.

Пикир

Оставить комментарий