• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир катар милиция кызматкерлери президент, министрлер кабинетинин атынан сыйлыктарды алды

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда — милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттукташ үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана президенттин аппаратынын кырдаалдар борборунун жетекчиси Адилет Жанузаков келишти.

“Коомдук тартипти, жашоону, коопсуздукту жана адам укуктарын коргоо – бул чындыгында эле маанилүү, өтө оор жана көп учурда кооптуу иш. Майрамыңыздар менен, урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерге жаңы жетишкендиктерди, кызматыңыздарда ийгиликтерди, үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүүнү жана сүйүүнү, жакындардын жана достордун ишенимдүү колдоосун каалайм”, - деди Касмамбетов.

Майрамдын урматына кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган кызматкерлер президенттин, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, бир катар милиция кызматкерлерине мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, ведомстволук сыйлыктар жана медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий