• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир катар министрликтер менен ведомстволордун коомдук кеңештерине сынак жарыяланат

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (14-берене, 5-п.) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча Комиссия 2018-жылдын 3-ноябрынан тарта коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрликтер жана ведомстволор менен байланышы бар тармактардын эксперттик коомчулуктарынын өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамына шайлоо үчүн документтерди кабыл алуу тууралуу жарыялайт:

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы

Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 2018-жылдын 3-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз карашы, идеялары же сунуштары болушу;

6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.

Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек (басылып чыккан форматында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, же расмий тилинде жөнөтүү сунушталат):

1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы, же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен негизделген Комиссияга даректелген каты;

2) Сынакка документтерди бергенге чейинки 6 айдан берки фотосүрөтү менен өмүр баяны (резюме), талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтар, туулган күнү жана туулган жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облус), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номурлары, электрондук почта) көрсөтүлөт;

3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусундагы жеке көрө билүү сыпаттамасы сүрөттөлөт;

4) 2 сунуштама кат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

1)почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө” деген жазуусу менен),

же болбосо, osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу:

2) конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңештер сынагына» деген жазуусу менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Пикир

Оставить комментарий