• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир катар президенттер Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташты, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: "Бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн улуу майрамы болгон, кең пейилдүүлүккө жана мээримдүүлүккө, жаратмандык менен жакшылыкка толгон ыйык Курман айт майрамы биздин өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын, достугун жана кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", - деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт-таалай, ийгилик жана жоопкерчиликтүү ишине жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалады.

Андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоо жолдогон: “Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамына байланыштуу Сизди чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм.

Биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер биздин элдерибиз үчүн мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенем.

Акыркы мезгилдеги жогорку жана бийик деңгээлде өткөн натыйжалуу жолугушууларда жетишилген бардык келишимдерди толугу менен ишке ашыруу өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө жана бир тууган эки элдин келечегине бекем негиз болуп кызмат кыларына үмүт артам.

Ушул берекелүү күндөрү Сизге Аллах Тааладан бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо сурайм”, - деп айтылат Өзбекстан президентинин куттуктоо телеграммасыда.

Ал эми Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кирип келген берекелүү Курман айт (Эйд Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Түбү миңдеген жылдардын тереңинде тамырлаган жана адамзаттын бийик руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул берекелүү майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди чыңдоого өбөлгө болот деп терең ишенем”, - деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердимухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине куттуктоо жолдогондордун арасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы бар: “Кылымдардан бери таза ислам дининин гуманизм, толеранттуулук, биримдик жана өз ара түшүнүшүү, кайрымдуулук жана бири-бирин колдоо сыяктуу бийик баалуулуктарын туу тутуп келген берекелүү Курман айт (Эйд аль-Адха) майрамы мусулман жамаатынын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары дагы ушул баа жеткис руханий негиздерге таянуу менен эки элдин кызыкчылыктарына ылайык туруктуу өнүгө берет деп бекем ишенем”,- деп айтылат Тажикстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго бакыт-таалай, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Казакстан дынтуңгуч президенти Нурсултан Назарбаев дагы Садыр Жапаровдун жана кыргызстандыктардын дарегине жылуу сөздөрүн жолдогон. Анда мындай деп айтылат: “Адеп-ахлактуулук менен ыймандуулукту, жаратмандык менен ырайымдуулукту даңазалаган берекелүү Курман айт Ислам дүйнөсүнүн биримдиги менен бакубатчылыгын арттыра берсин. Биздин жалпы аракетибиздин аркасында адамзатка эбегейсиз зор зыян келтирген COVID-19 пандемиясы артта калсын. Аллах Таала бизди ушул кыйынчылыктардан аман-эсен өткөрүп, өсүп-өнүгүүгүбүздү насип кылсын», - деп айтылат Казакстандын туңгуч президентинин куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматында албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен өсүп- өнүгүү каалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандан дагы куттуктоо телеграммасы келип түштү: «Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын жараткан Алладан тилейм», — деп айтылат Түркия президентинин куттуктоо телеграммасында.

Андан тышкары, Кувейттин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах, Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани, Ирак Республикасынын президенти Бархам Салих, Оман Султаны Хайсам бин Тарик президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташып, кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалашты.

Пикир

Оставить комментарий