• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир катар теле жана радио кызматкерлери өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланды

Өкмөт 0


Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Алымбаев Эрнис Темирканович, «Sputnik-Кыргызстан» маалымат жана радио агенттигинин атайын долбоорунун продюссери;

- Асымова Дамира Эсенгуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру;

- Жумабекова Нургүл Жумабековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын атайын кабарчысы;

- Мурзалиев Кылычбек Мураждинович, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;

- Черникова Вера Михайловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын баяндамачысы.

Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдиргендей, буга катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөндөгүлөргө алкыш жарыяланды:

- Бараканова Айгерим Калысбековна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы;

- Баялиев Мырзабек Алымкулович, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы оператору;

- Калдыбаева Салтанат Ишеновна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» өз кабарчысы;

- Нусубалиева Замира Асылбековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» жооптуу редактору;

- Орозматов Акылбек Адылбекович, Коомдук аймактык «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын программалык директору;

- Рахманов Кулчун Баратбаевич, Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын редактор-баяндамачысы;

- Султанов Нуркул Сатыбалдиевич, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын атайын жарыктандыруу цехинин экинчи категориядагы инженери;

- Сырдыбаева Кундуз Сагалыевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аймактык кабарчысы;

- Төлөнова Гүлмира Аманкуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын башкы экономисти;

- Хакимова Гүлбахар Рахимжановна, «Марал» телерадиокомпаниясынын кабарчысы;

- Шакенова Аида Жумагазиевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти;

- Яценко Юлия Сергеевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын продюсери.

Пикир

Оставить комментарий