• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир катар товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим КР президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана КРнын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “КР министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленсин;

- 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

Пикир

Оставить комментарий