• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир киши ооруканага жеткирилди, экөө шахтанын ичинде калган. Сузакта шахта урады

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Маркай айылында жайгашкан шахта урап, эки адам калып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жерине саат 14:45те ӨКМдин беш куткаруучусу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Учурда куткаруучулар кырсык болгон жерде 2 жаран шахтанын ичинде калганын аныктап, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бир жаран тез жардам унаасы менен облустук ооруканага жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий