• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир кишинин эмес, мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн диктатурасы болот – Жапаров

Саясат 0

Бишкек, 11.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир кишинин диктатурасы болбойт. Бул тууралуу Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн диктатурасы орнойт.

"Добуш берип эле тим болбостон ар бир ишиме баа берип, туура эмес иштерге сын айтып, кеңешиңиздерди берип туруңуздар. Кандай гана иш баштабайлы баары ачык болот. Каршы болгондорду өкмөт үйүнө чакырабыз. Көчөгө чыгып кыйкырбастан, отурумдарга катышып, оюн айтууга шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык негизде иш алып барабыз. Бир адам же топтун кызыкчылыгы үчүн иш алып баруу болбойт", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 10-январдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий