• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир мандаттуу округдан 9 талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бир мандаттуу округдан тогуз талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКга арыз келип түштү.

Боршайкомдон билдиришкендей, учурда жалпы 312 талапкер калды.

“Шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз менен Бакыт Бердалиев, Санжар Ибраимов, Максатбек Мамбеткулов, Канат Исаев, Жаманкул Галдыбаев, Абдисаид Каримбеков, Айбек Алыбаев, Бакыт Кыдыралиев, Айнуру Алтыбаева кайрылган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда 312 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышат:

- Баткен облусунда – 37,

- Ош облусунда – 54,

- Жалал-Абад облусунда – 48,

- Талас облусунда – 14,

- Чүй облусунда – 62,

- Бишкек – 27,

- Нарын облусунда – 29,

- Ысык-Көл облусунда – 41.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий