• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир нече министр өз ведомстволорунун сайттарынан документтерин 40 мүнөттөн ашык издешти - Торалиева

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Ачык маалыматтар” демилгесине кошулуу коррупция менен күрөшүү жана алдын алууда маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу коррупция менен күрөшүү тутумун баалоо жана тууралоо боюнча тегерек үстөлдө премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева билдирди.

Ал бир жагынан “Ачык маалыматтар” бизнес жана акамиялык чөйрө үчүн жакшы демилге экенин айтып берди.

“Дүйнөдө бул демилге жакшы экономикалык натыйжа берген. Айрым өлкөлөрдө “Ачык маалыматтар” ИДПга 2-3% кошот”, - деп билдирди ал.

Торалиева “Ачык маалыматтардын” бутактарынын бири “Ачык өкмөт” экенин белгиледи.

“Бул долбоор үч критерийге негизделет: маалыматтын окумдуулугу жана жеткиликтүүлүгү; аларды колдонуу мүмкүнчүлүгү; маалыматтарды чектөөсүз алуу. Биз маалыматтарды 12 министрликте ачып жатабыз. Мындан тышкары бул демилгеге коомдук органдар дагы киришет”, - деп кошумчалады ал.

Гүлнура Торалиева келечекте бардык министрлик жана ведомстволордон, элчиликтерден маалыматтар жайгаштырылган бир гана gov.kg сайтын түзүү пландалып жатканын айтты.

“Мындай тутум Улуу Британияда иштейт. Ал gov.uk деп аталат. Бул Улуу Британиянын электрондук дарбазасы. Биз “Таза коом” долбоорунун алкагында gov.kg сайтын дал ушундай жасоону каалап жатабыз. Жакында мен эксперимент жүргүзүп, бир нече министрди өз сайттарынан документтерин табууну сурадым. Айрымдары бул үчүн 40 мүнөттөн ашык убакыт кетиришти. Ошондой эле биз өкмөттүк тармактан 20дай адамды сайттан маалымат табууну сурандык. Көптөр жада калса ведомстволордун сайттарынын аталыштарын дагы билишпей, гуглдан издеп башташты. Ошондуктан биз бардык маалыматтарды бир сайтка бириктирүү ыңгайлуу болот деп ойлоп жатабыз”, - деп белгиледи өкмөт башчынын кеңешчиси.

Пикир

Оставить комментарий