• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир нече секундда тиш ооруну басууга болот

Дүр дүйнө 0

Тиштин түбүнүн жабыркашы абдан катуу оорутат. Нервдин жабыркашынын көптөгөн себептери бар. Мисалы:

  • Тиштердин бузулушу;
  • Тиштин түшүп калуусу;
  • Сынап калган тиштер;
  • Тиштин чириши (кариес);
  • Бүйлөнүн сезгениши;
  • Уктоо учурундагы демсиздик;
  • Чыкый жана төмөнкү жаак муундарынын сезгенүүсү;
  • Туура эмес коюлган пломба же тиш каптары.

Жумшактан ич оору, катуудан тиш оору демекчи, тиш ооруга чыдаш кыйын. Оорулуу уйку көрбөй, тамактана албай, ал тургай сүйлөй да албай калат.

Эгерде тиш оору сиздин тынчыңызды алып жатса, тиш дарыгерине дароо көрүнүү керек. Болбосо ооруну күчөтүп жиберүүнүн кесепети татаал болот.

Анткен менен кээ бир учурда дарыгерге барууга мүмкүнчүлүк болбой калышы ыктымал. Себеби ар кандай болушу мүмкүн. Балким тишиңиз эс алуу күндөрү ооруп калсачы? Мындай шартта ооруну убактылуу басаңдатуучу үй каражаттарын колдонууга туура келет.

Кеңири жайылган тиш ооруга каршы каражаттардын бири:

Курамы:
— ½ чай кашык майдаланган гвоздика гүлү;
— ½ чай кашык кокос майы;

Бул дары эмнеси менен пайдалуу? Гвоздика порошогунда эвгенол бар. Бул ооруну басаңдатуучу химиялык бирикме. Кокос майы антимикробдук касиетке ээ.

Даярдоо жана колдонуу:

Май менен гүлдүн порошогун аралаштырып, тиш щеткасы менен ооруган тишке коесуз. Бул процедураны күнүнө 3 жолу жасоо керек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий