• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир нече спортчуга "спорт чебери" наамы ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Спорттун бир нече түрү боюнча спортчуларга "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" жана "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттик билдиргендей, "эл аралык класстагы спорт чебери" наамын Валерия Качалко (бий спорту) алган. Ал эми "Кыргызстандын спорт чебери" наамы Эркайым Жапарова (таэквон-до WTF), Бакдаулет Эгембердиев (грек-рим күрөшү), Даулет Айдарбеков (грек-рим күрөшү), Эламан Базарбек уулу (белбоо күрөшү), Сыймык Мелис уулу (белбоо күрөшү) жана Уланай Салиевага (дзюдо) ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий