• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Бир сантиметр жерди дагы бербейбиз!” Кыргыз чек арачысы видео кайрылуу жасады

Коом 0


Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Чек ара кызматынын жоокери кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болуп жаткан жеринен видео кайрылуу жасады.

“Жолдош полковник, саат 10:10гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашууларга карабастан, Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларынын жооптуу аймактарында ок атууну улантып жатышат. Ошондой эле Кызыл-Бел айылындагы аскердик жана жарандык инфраструктураны аткылоодо. Жолдош полковник, бир сантиметр жерди дагы бербейбиз, артка чегинбейбиз! Биздин жоокерлер акырына чейин турушат!” - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлгөнүн, бирок тажик тарап аны аткарбай жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Пикир

Оставить комментарий