Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Бир сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алсак, Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылынын Шапак көчөсү №66 дарегиндеги Ленин атындагы №1 орто мектептин окуу бөлмөсүндө 3 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.
Ошондой эле Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы Давлеткулов көчөсүндө бастырмада жыйылган 2 тонна тезек күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий