• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир сутка ичинде 6 өрт катталып, аны өчүрүүгө 8 бөлүм тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган,-деп билдерет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, меш менен морлордун туура эмес түзүлүшүнүн кесепетинен 2 өрт кырсыгы катталган.

17-январда саат 17:10 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылынын Кайназаров көчөсүндөгү жыгач тилген ишкананын кургатуучу бөлмөсүндө 14 куб отун күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №23 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 21:40та толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

Пикир

Оставить комментарий