• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир сутка ичинде 8 өрт катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринен өрт чыгып, желдетүүчү түтүкчөсүнүн электр зымы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Андан тышкары, Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү №30 үйдүн батиринин бөлмөсүнүн ичинде 1 керебет жана төшөнчүлөр күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Ошондой эле Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндө орун алган В.И. Ленин атындагы орто мектебинен өрт чыккан.

Анын кесепетинен мектептин ашкана бөлмөсүндө 2 отургуч, терезе жана электр зымдары күйүп кеткен.

Тилсиз жоо бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий