• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир сутка ичинде 8 өрт катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

ӨКМден кабарлашкандай, калаадагы Арча-Бешик конушундагы Каракол көчөсү №80 дарегинде жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Натыйжада турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 170 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкар Бишкектеги Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде “Фиат Типо” үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан. Өрттүн себеби: автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Нарын шаарындагы Жаңы-Жол аймагынын Жаңы-Жол көчөсүндө 20 чарчы метр мончо күйгөн. Өрттүн себеби - отко этиятсыз мамиле кылуу.

Пикир

Оставить комментарий