• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир сутка ичинде 9 өрт катталып, өчүрүү үчүн 27 бөлүм тартылган

Коом 0

Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Республиканын аймагында бир сутканын ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 27 бөлүм тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган 190 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 55 чарчы метр жыгач полу, 6 даана пластик терезе, 6 даана жыгач эшик, 2 муздаткыч, 1 газплита, үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында “Ниссан-Блюбер” унаасынын кыймылдаткычы күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий