• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир сутка ичинде КРнын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жал-23 кичи районундагы №7 үйдүн жанында люктун ичинде кабель жана 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Токмок шаарынын Өзбек көчөсүндөгү №28 үйдөн өт чыккан.

“Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн ашкана бөлмөсүнүн 200 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий