• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 333 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-майга карата коронавирус дагы 333 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 148, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда алты адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 300 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 167, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 71, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 34, Баткен облусунда – 2 адам сакайды", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 685 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 743 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 142 бейтаптын абалы орто оордукта, 436 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 652 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 572 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 555 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 300 киши айыгып чыкса, 1 миң 803 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий