• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир суткада Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 362 адам кайрылды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 362 адам кайрылган. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева билдирди.

Анын айтымына караганда, 20-июнга карата “жугуштуу оорулар бөлүмүндө” 362 бейтап бар, анын 294ү жаш балдар.

Жугуштуу гепатит менен - 25 адам, курч ичеги-карын инфекциясы менен - 115, курч респиратордук вирустуу инфекция менен - 52, аралаш инфекция менен (курч респиратордук-вирустуу инфекция менен курч ичеги инфекциясы) – 10, энтеровирустуу инфекция менен – 63 адам катталды.

“Күн мурун биздин оорукананын кабылдамасына 261 адам кайрылып, алардын 99у ооруканага жаткырылды. Көпчүлүк пайызын ичеги-карын инфекциясы түздү – 65 адам, алардын 35и ооруканага жаткырылды”, - деди Молдалиева.

Пикир

Оставить комментарий