• 89.51
  • 97.91
  • 0.98

Бир суткада Казакстанда коронавирус 2016 кишиден аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 16 кишиден табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 337, Алматы шаарында - 598, Шымкент шаарында - 20, Акмоло облусунда - 90, Актөбе облусунда - 85, Алматы облусунда - 363, Атырау облусунда - 34, Чыгыш-Казакстан облусунда - 20, Жамбыл облусунда - 51, Батыш-Казакстан облусунда - 113, Караганда облусунда - 203, Костанай облусунда - 30, Кызылорда облусунда - 51, Мангистау облусунда - 9, Павлодар облусунда - 57, Түндүк-Казакстан облусунда - 31, Түркестан облусунда – 24 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 273 миң 825 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий