• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир суткада коронавирустан төрт, пневмониядан 42 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бир суткада коронавирустан төрт, пневмониядан 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 62 жашта, эркек, 55 жашта), Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 68 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап каза болду. Алардын ичинен 21 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы пневмониядан каза болгондордун саны 310 адамды түздү”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус жуктурган 361 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ни түзөт. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 116 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий