• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Фирсова көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Ош шаарынын Тажик көчөсүндө турак үйдүн бөлмөсүнүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдын ичи толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 100 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында турак үйдүн 24 чарчы метр ашканасы, 2 диван, 1 эшик, 2 пластик терезе, 1 шкаф толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий