• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бир түндө 3 унааны айдап качышкан. Ысык-Көлдө жергиликтүү эки тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү эки тургун түн ичинде үч унааны айдап качышкан. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү саат 02:20 чамасында Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирген.

Бул факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, кылмыштын бетин ачуу үчүн "Перехват" иш мерчеми киргизилген жана шаардан чыга турган жолдорго милиция посттору орнотулган.

Көп өтпөй саат 07:20лар чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өзүнүн кайрылуусунда 31-августтан 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарынын Жамансариев жана Гречко көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган "Камаз" үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Бул билдирүү да Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, шаардык милициянын өздүк курамы кылмышкерлерди тез аранын ичинде кармоого багытталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү жарандардын изине түшүп, көпкө узатпай кармоого жетишкен. Кармалгандар Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. болуп чыгышты. Алдын ала сурак учурунда шектүүлөр күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

"31-августтан 1-сентябрга караган түнү шектүүлөр мас абалында шаарга барууну чечишип, унаа жок болгондуктан дүкөндүн жанында токтоп турган "Ауди-100" унаасын айдап кетишкен. Бир нече кварталдан кийин унааны башкара албай, жолдун четине чыгып кетишкен. Андан соң Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү "ВАЗ-2121" үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан. Үчүнчү жолкусунда "Камаз" үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калган. Андан кийин шектүүлөр унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок, көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 211 ("Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу") жана 205-беренелери ("Уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий