• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир жума ичинде Бишкекте 63 мас айдоочу кармалган

Коом 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарныда 30-октябрдан 5-ноябрга чейин 5 миң 396 жол эресин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жума ичинде 63 мас айдоочу кармалган.

Ошондой эле:

- Унаасынын айнектерин караңгылатып айдап жүргөндөр – 17;

- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөндөр – 77;

- Башка жол эреже бузуулар – 5 миң 239.

Ошол эле учурда 376 унаа айып аянтчасына коюлган.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий